7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта чиновниктердин жакын туугандары жер тилкелерин мамлекетке өткөрүп берди

405

Сокулук районунун мурдагы чиновниктеринин жакын туугандары, 8,03 га жер тилкесин өз ыктыяры менен мамлекеттик баланска өткөрүп берди.

КР УКМК тарабынан мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү жана аны мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мурдагы кызмат адамдары тарабынан уюштурулган коррупциялык схеманы колдонуу менен белгиленген тартипте муниципалдык жер тилкелерди ыйгарып алуу фактысы аныкталды.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында, 8,03 га муниципалдык жер тилкеси коммерциялык максатта колдонууга даярдалып, Сокулук районунун мурдагы кызмат адамдарынын жакын туугандарына өткөрүлүп берилген.

Тилкенин учурдагы ээси, жерге иш жүзүндө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын моюнга алып, 8,03 га жер тилкесин өз ыктыяры менен мамлекеттик баланска өткөрүп берген.

406