7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта тергөө кызматынын орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды

767

Сокулук РИББнын тергөө кызматынын орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча козголгон сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагында, Сокулук РИИБнын тергөө кызматынын орун басары К.А.М. кармалды.

УКМКга буга чейин С.Г. аттуу жарандын сотко чейинки өндүрүш ишин токтотуу үчүн 50 000 сом акча каражатын талап кылып жаткандыгы боюнча Сокулук РИИБнын тергөө кызматынын жетекчилеринин бирине карата чара көрүү тууралуу жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылган.

2020-жылы жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу фактысы боюнча С.Г. аттуу жаранга карата Сокулук РИИБ тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши катталганы аныкталган.

Ошол эле учурда жабырлануучунун С.Г. аттуу жаранга доосу жок экендиги тууралуу каршы билдирүүсүнө карабастан, тергөө кызматынын кызматкери сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн пара талап кылууну уланткан.

Ал 19-апрелде ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө 20 000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды.

Кармалган кызматкер УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, учурда тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

768