Чүй облусунун Сокулук районунда жер мафиясын уюштурган делип беш адам кармалганын УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, “Гектарщиктерден” жана КР АЧМ караштуу Жер кызматынын (мурдагы “Кадастр» МИ) жооптуу кызматкерлеринен турган Сокулуктагы “жер мафиясынын” уюштуруучулары жана аткаруучулары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Атап айтканда, камакка алынгандар:
1) Ж.Н.К., 1972-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган. “Гектарщиктердин” бири, “жер мафиясынын” жана коррупциялык схеманын уюштуруучусу, Чүй облусунун аймагында аффилиацияланган жактарга таризделген 300 гектардан ашык жерге ээлик кылат;
2) Ж.М.Ж., 1975- жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районунда туулган, “гектарчылардын” бири, Ж.Н.К.нын аффилиацияланган адамы;
3) Д.М.Э., 1981-жылы Чүй облусунун Сокулук районунда туулган, КР АЧМ караштуу Жер кызматынын (мурдагы “Кадастр”ММ) Сокулук филиалынын жооптуу кызматкери;
4) А.Б.С., 1972-жылы Чүй облусунун Сокулук районунда туулган, КР АЧМ караштуу Жер кызматынын (мурдагы “Кадастр”ММ) Сокулук филиалынын жооптуу кызматкери;
5) О.А.К., 1965-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районунда туулган, КР АЧМ караштуу Жер кызматынын (мурдагы “Кадастр» МИ) Сокулук филиалынын бөлүмүнүн мурдагы башчысы.
«Тергөөнүн жүрүшүндө бир катар кызмат адамдары Чүй облусунун Сокулук районундагы ВОССТ-2 участогунда жайгашкан 15 гектар жерди Ж.Н.К. аттуу «гектарчынын» адамдарына мыйзамсыз каттоого катыштыгы бар экени аныкталган. Бул 15 гектар жер жеке турак жай курулушу үчүн 300 участокко 4 сотыхтан бөлүнгөн. Алардын ар бири орто эсеп менен 8 миң доллар турат. Мындан тышкары, жер мафиясын башкарган Ж.Н.К. Чүй облусунун аймагында аффилиацияланган жактар аркылуу 300 гектардан ашык жерге ээлик кылат. Бул 300 гектардын 100 гектары Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл аймагында, 300 гектары шаардын четиндеги Рухий Мурас конушунда жайгашкан. Анын орточо баасы 81 миллион долларга, тагыраагы, 7 миллиард 249 миллион 500 миң сомго бааланган», — деп айтылат билдирүүдө.
Жер мафиясын уюштургандар мамлекеттик жана жеке менчиктен жер тилкелерин мыйзамсыз алып, кийин аларды сатуу үчүн коррупциялык схема уюштурганы аныкталганы айтылды.
