7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта жергиликтүү кеңештин төрагасы адам уурдоого шектелип кармалды

397

Сокулук айыл аймагынын Сары-Өзөн айыл округунун жергиликтүү кеңештин төрагасы адам уурдоо, кыйноого жана мыйзамсыз курал-жарак сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден  билдирди.

Милицияга Д.А аттуу жаран анын мурунку күйөөсү үйүнөн алып кетип, аны Сокулук айылынын сыртына алып чыгып, денесине залал келтиргендиги тууралуу арыз менен кайрылган.

Ушундай эле арыз менен дагы бир жаран Д.М.га карата чара көрүү жөнүндө, ал дагы анын денесине залал келтиргендиги тууралуу арыз менен кайрылган.

Бул факты Сокулук РИИБге катталып, «Кыйноо» жана «Адам уурдоо» беренелери боюнча кылмыш иштери козголду.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн жашаган жери аныкталып, ал Сокулук айылынын Сары-Өзөн айыл округунун жергиликтүү кеңешинин төрагасы 1987-жылы туулган  жаран экендиги аныкталып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмыш иши боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

398