7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулуктун сойкулары кармалды

589

Сокулук районунда интимдик кызмат көрсөткөн сойкукананын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) туралуу каралган кылмыш белгилери боюнча 18-февралда Сокулук районунда жайгашкан «Аполлон» мейманканасында интимдик кызмат көрсөткөн 1983-жылы туулган К.Д.Э. жана 1987-жылы туулган Г.В.С. кармалып, аларга кылмыш иши козголду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалгандардан мурда атайын белгиленген 8000 сом жана интимдик кызмат көрсөтүү үчүн алынган 7200 сом өлчөмүндөгү акча каражаттары табылып алынды.

Ошондой эле кыздарды интимдик кызмат көрсөтүүгө тарткан мейманкананын 1978-жылы туулган С.А.Д. аттуу администратору кармалды.

Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иш-чаралары уланууда.

 

590