7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Соода борбордо телефон саткандар уруша кетишип, бир адам бычактан каза болду

2471

Ташкенттеги «Малика» соода комплексинин алдында бычакташуу менен коштолгон чырдан бир киши каза болуп, дагы бирөө ооруканага жеткирилди.

Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, жекшемби күнү күндүзгү саат 12лерде соода борборунда телефон саткан бир нече соодагердин ортосунда жаңжал чыккан.

«Анын жүрүшүндө 1977-жылкы Т. Б. аттуу жаран төшүнө бычак жеп каза болгон. 1988-жылкы М.А. деген дагы бир жаран түрдүү жаракаттары менен ооруканага жеткирилди. Кылмышка шектүүлөрдү аныктоо жана тергөө аракеттерин баштоо үчүн жаңжалга катышкандардын баары ички иштер башкармалыгына жеткирилди», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Ташкент шаардык прокуратурасы «Атайылап адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин баштады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2472