7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Сосновка» посту оор жүк ташуучу унаалар үчүн жабылды

467

Аба ырайынын кескин начарлашына байланыштуу Сосновка постунда таңкы саат 04:30дан тарта жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, азырка тапта Бишкек — Ош унаа жолунда кар жаап, Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери тазалоо жана кум себүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Ошондой эле Токтогул районундагы Арал постуна дагы жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилгени маалым болду.

«Өлкөнүн башка ашууларында да жааган кар жолчулар тарабынан дароо тазаланып, инерттик материалдар себилип жатат. Каттам бар. Чынжыры жок жана жайкы дөңгөлөк менен чыккан унаалар жолчулардын ишине тоскоол болуу менен жасалма тыгын жана авариялык абал жаратууда», — деп айтылат маалыматта.

Мындан улам Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

468