7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

347

26-29-ноябрь күндөрү  Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт, жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, маданият күндөрү Анкарада Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 32 , Түркиянын 100 жана кыргыздын залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналат.

Ал эми чыгармачылык топтун курамында “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли, “Ак-Марал» бий ансамбли, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисттери, Т.Сатылганов  атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын солисттери, эстрада ырчылары, кол өнөрчүлөр жана кино коюучу топ, сүрөтчүлөр жана дизайнерлер бар.

Маданият күндөрдүн программасында Кыргызстандын өнөр адамдарынын атайын даярдалган концерттик программа, кыргыз киносунун күндөрү, маданий жана адабий алакалар камтыган жолугушуулар, сүрөт, улуттук кийим жана  кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү өтөт.

 

348