Базар-Коргондо мурдакы айылдык кеңештин депутатына сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, М.А.Т. 2020-жылдын 30-октябрь күнү Жалал-Абад шаарында уруксатсыз митингдин уюштуруучуларынын бири болуп, эл алдында Орто Азия өлкөлөрүнүн аймагында «Ислам Халифатын» орнотуу тууралуу Конституцияга каршы келген ойлорун айткан. Ошондой эле, 2020-жылдын ноябрь айында кармалган.
«M.A.T. кармалганга чейин Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун айылдык кеңешинин биринин депутаты, «Солдат» каймана аты бар «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү болгон. 2021-жылдын 16-июлунда Жалал-Абад шаардык сотунун чечими боюнча 3 жылга чейин белгилүү кызматтарды ээлөөбөө менен 5 жылга эркинен ажыратылды», -деп берилет маалыматта.