Кыргыз Республикасынын Тунгуч Президенти Аскар Акаев уулу Илим менен өлкөгө кайтып келди. Бул тууралуу аэропорттон тартылган видео социалдык тармактарга тарады.
Видеодон кара түстөгү 5-6 унаанын ээрчишип чыгып бара жатканын көрүүгө болот.
Буга чейин Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Аскар Акаевди өлкөгө алып келүү демилгеси бир канча ирээт көтөрүлүп коомчулук жана бир катар саясий ишмерлер колдоого алынган.
Аскар Акаев Эгемендүү Кыргызстандын Тунгуч Президенти катары 15 жыл өлкөнү башкарган. 2005-жылдын март айындагы элдик толкундоолордон кийин, Москва шаарында эмгектенип келет.