7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркияда адам өмүрүн алган өрт. Жапаров Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты

747

Президент Садыр Жапаров Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоганга Түркиянын бир нече провинциясындагы адам өмүрлөрүн алган, оор кесепеттерге алып келген өрт кырсыгына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Түркиянын бир нече провинциясында чыккан өрттүн себебинен каза болгондор тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Ушул оор мезгилде Түркия элине табигый кырсыктын кесепеттерин жеңип чыгууда кайраттуулукту жана туруктуулукту каалайм.
Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтам, ошондой эле бардык жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин тилейм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

748