Бишкекте жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында “Бахус” аталышындагы 3 күндүк рейд болуп өттү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык 3 күндө мас абалында унаа башкарган 90 айдоочу колго түшүп, аларга салынган айып пулдун көлөмү 1 млн 575миң сомго жеткен. Рейд учурунда айдоочулук күбөлүгү жок 143 учур, унаанын алдыңкы жана арткы тезелерин караңгылатып алуу фактысы боюнча -7, башка жол эрежелерин бузуулар боюнча 2 399 факт катталган.
Ал эми ар кандай жол эрежелерин бузган 209 автоунаа айып короо жайына токтотулган.
Үч күндүк кайгуул кызматкерлери тарабынан Бишкекте шаарында 90 мас айдоочу аныкталып, 1 млн 575 миң сом айып салынды.
Маалыматка ылайык, акыркы учурда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары көп катталып, көптөгөн жарандар жол кырсыгынан ар кандай жаракаттарды алууда. Ага айдоочулардын жол эрежелерин так сактабагандыгы себепчи болуп жатканын ИИМдин жол коопсуздугу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов айтып келет.
Ошондуктан Бишкек ШИИББининкайгуул кызматкерлери дем алыш күндөрү “Бахус” аталышындагы атайын жол кырсыктарынын алдын алуу багытында рейд өткөрүп жатат.