7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сот: Бийликти күч менен басып алууга даярдангандар 2 айга камалды

561

Улуттук коопсуздук комитети 26-ноябрда «бийликти күч менен басып алууга даярданган» деген шек менен 15 адам кармалганын билдирген. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары, парламенттик шайлоого талапкерлер жана мурдагы чиновниктер бар экенин маалымдаган.

Азамат Мусакеев менен Нурбек Калекеев «Чүй ынтымагы» жана «Эл ынтымагы» уюмдарынын лидерлери, Бекназар Купешов парламенттик шайлоого «Жашылдар» партиясынын тизмеси менен бара жаткан.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигенов «Чүй ынтымагы» партиясынан парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан талапкерлигин коюп, кийин алып салган.

УКМК кармалган адамдарга байланыштуу Жазык кодексинин 38 жана 309-беренелери (бийликти күч менен басып алууга даярдануу) менен сотко чейинки өндүрүш ачылганын кабарлап, иликтөө үчүн Башкы прокуратура мекемелер аралык топ түзгөн.

«Бийликти күч менен басып алууга даярданган» деген шек менен Бакыт Жетигенов, Бекназар Купешов, Азамат Мусакеев, Нурбек Калекеевдер бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

562