7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо башталды

421

Бүгүн, 28-ноябрда, саат 08:00дө өлкө аймагында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо башталды.

Жаңы мыйзамга ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.

Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер ат салышууда.

Шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн жалпы 2 миң 494 шайлоо участогу түзүлүп, анын ичинде 59 шайлоо участогу чет өлкөлөрдө, 2 миң 435 тилкеси өлкө аймагында түзүлгөн.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 3 млн 703 миң 420, ал эми бир мандаттуу округдардагы шайлоочулардын саны 3 млн 621 миң 751ди түзөт.

Партияларды шайлоо үчүн жалпы 3 млн 702 миң 646 бюллетень даярдалып, кыргыз тилинде 2 млн 970 миң157, орус тилинде 732 миң 489 бюллетень бар. Мындан тышкары, 2 миң 494 бюллетень Брайль ариби менен даярдалган.

Белгилей кетсек, бир мандаттуу шайлоо округу боюнча чыгып жаткан талапкерлерге добуш берүү үчүн 3 млн 625 миң 277 бюллетень даярдалды. Кыргыз тилинде 2 млн 928 миң 810, орус тилинде 696 миң 467, Брайль ариби менен 2 миң 435 бюллетень жиберилди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

422