7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Социал-демократтар” партиясы шайлоодон четтетилди

416

«Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндө» мыйзамын бузгандыгы үчүн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына «Социал-демократтар» саясий партиясынын талапкерлерин каттоо жокко чыгарылды.

Мындай чечим Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Бахадыр Коңуров «Кабар» агенттигине билдирген.

Анын айтымында, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан маалымат келип түшкөн.

Анда «Социал-демократтар» партиясынын добуш сатып алуу фактысы аныкталгандыгы жана кылмыш иши козголгондугу айтылган.

«Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы буга чейин да «Социал-демократтар» саясий партиясы тарабынан үгүт иштеринин шарттары бузулгандыгын аныктаган. Ага ылайык, партияга эскертүү да берилген», — деди Бахадыр Коңуров.

Белгилей кетсек, бүгүнкү жыйында кабыл алынган чечимдин көчүрмөсү Боршайкомго, Бишкек ШИИББине жөнөтүлөрү жана «Социал-демократтар» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлүнө берилери айтылды.

417