7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Соцтармак аркылуу Ташиевге кайрылган аксакалдын кызына батир берилет

460

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Динара Муратова жана анын беш баласына биринчи жолу өздүгүн аныктаган документтерин тапшырды. Жардам сурап кайрылган аксакал Абдывап Бусурманкуловду кабыл алып, акчалай колдоо көрсөтүп, аксакалдын неберелерине белектерин ыйгарды.

Динара Муратова Алай районунун Сары-Могол айылынын 25 жаштагы тургуну. Беш баланын энеси. Ал үй-бүлөлүк шартына байланыштуу Кыргызстандын жарандыгын ала албай жүргөн. Ошол себептен балдарына дагы туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрү берилбей келген. Буга чейин тиешелүү кызматтарга кайрылып, эч кандай жыйынтык болгон эмес. Мындан улам атасы, Абдывап Бусурманкулов социалдык тармак аркылуу Камчыбек Ташиевге кайрылып, жардам сураган.
Бул үй-бүлө, бүгүн, 8-августта Камчыбек Ташиевдин колунан тиешелүү документтерин алышты.
Жолугушууда Камчыбек Ташиев бул үй бүлөгө 3 бөлмөлүү батир берилээрин да убада кылды.
Булак: Өткүрбек Рахманов

 

461