15 жаштагы өспүрүм кызга жыныс мүчөсүн көрсөткөн жарандын иши Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 14-апрель күнү кармалган К.С. аттуу жаран Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинде (Бул берене боюнча эркек адам беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган) «Адепсиз жоруктар» беренеси менен айыпталган.
Бишкек шаарынын Москва районунун прокуратурасы айыпталуучуну камакка алуу өтүнүчү менен сотко кайрылып, бирок соттун чечими менен арыз канааттандыруусуз калтырылып, айыпталуучу К.С. үй камагына чыгарылган. Прокуратура чечимге каршы Чүй облустук сотуна кайрылган.
«20-май күнү бул иш боюнча тергөө аяктап, соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Бүгүн, 24-майда Чүй облустук соту тергөө аяктагандыктан прокуратуранын арызын караган жок. Биринчи соттук отурум 31-майга белгиленген. Шектүү учурда камакта»,-деп берилет билдирүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейин Чүйдө дүкөндөрдүн биринде эркек киши сатуучу кызга жыныс мүчөсүн көрсөткөн видео социалдык тармактарга тараган.