7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Стамбулда ТМКК отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

577

Стамбул шаарында ТМКК отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин саммитинин (ТМКК) жыйынтыгы боюнча Стамбул шаарында бир катар документтерге кол коюлду.

Түрк кеңеши өлкөлөрүнүн лидерлери төмөнкү документтерге кол коюшту:

–Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин аталышын Түрк мамлекеттеринин уюму деп өзгөртүү жөнүндө чечим;
— Түрк мамлекеттер уюмунун сегизинчи саммитинин декларациясы;
— Түркмөнстанга Түрк мамлекеттер уюмунда байкоочу макамын берүү жөнүндө чечим;
— Түрк дүйнөсүнүн 2040-көз карашын кабыл алуу жөнүндө чечим;
— Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн Түрк мамлекеттер уюмунун Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлыгы жөнүндө чечим;
– Түрк мамлекеттер уюмуна өнөктөш макамын белгилөө жөнүндө чечим;
–Түрк мамлекеттер уюмунун ардактуу төрагасынын укуктарын жөнгө салуу жөнүндө чечим;
— Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө чечим;
— Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басарларын дайындоо жөнүндө чечим;
— Түрк мамлекеттеринин Уюмунун Түрк инвестициялык Фондун түзүүнү жыйынтыктоо жөнүндө чечим.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

578