7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Түрк инвестициялык фондун Бишкек шаарында жайгаштырууну сунуштады

460

«Түрк инвестициялык фондун Кыргызстанга жайгаштыруу Түрк кеңешинин миссиясына толугу менен жооп берет», — деп белгиледи 12-ноябрда, Түркия Республикасынын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) 8-Саммитинде сүйлөгөн сөзүндө. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы Түрк тилдүү мамлекеттердин уюму саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, социалдык-гуманитардык маселелерди талкуулоо менен бирге, өз ара карым-катнашыбызды жана байланыштарыбызды, көп тараптуу мамилелерибизди өркүндөтүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып, эл аралык аренада мыкты платформа болуп берет деген ишенимин билдирди.

«Азыркы экономикалык каатчылыктан бири-бирибизге жөлөк болуп, бир-бирибизге колдоо көрсөтүү аркылуу гана чыгып кетерибизге ишеничибиз чоң.

Бүгүн биздин колдоого алына турган “Түрк инвестициялык фонду” өз ара экономикалык мамилелерибиздин реалдуу инструментине айланып, эки тараптуу жана көп тараптуу долбоорлорду ишке ашыруунун механизми катары чоң ролду ойнойт.

Биздин мамлекетте түрк уюмдарынын жоктугун эске алып, бул финансылык институтту — Түрк инвестициялык фондун Бишкек шаарында жайгаштырууну ылайык көрөбүз», — деди ал.

Мамлекет башчысы белгилегендей, фондду Кыргызстандын борборунда жайгаштыруунун финансылык гана эмес, саясий да мааниси бар.

«Кыргызстан — Түрк кеңешинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал эми, биздин Кеңешибиздин негизги документтеринде тең укуктуулукту сактоого жана урматтоого чоң маани берилген», — деп баса белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

461