7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Студенттерден опузалап акча талап кылган декан кармалды

514

Ош шаарындагы Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин (КУМУ) финансы-экономика факультетинин деканы мамлекеттик экзамендерди тапшырууда студенттерден системалуу түрдө опузалап акча талап кылган. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Бул факультеттин деканы Ш.Ш.О. коррупциялык схемага тиешеси бар экендиги аныкталып, ал эки суткага убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Буга чейин «опузалап пара талап кылуу» беренеси менен Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканы жана декандын орун басары кармалган.

УКМК өлкөнүн жогорку окуу жайларында коррупциялык көрүнүштөрдүн орун алышына жол берилбестигин эскертет жана жарандарды бардык коррупциялык фактылар жөнүндө билдирүүгө чакырат.

515