7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сугат жерлерди трансформациялоого мораторий киргизүү мыйзамына өзгөртүү кирди

374

Президент Садыр Жапаров “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 12-декабрында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам менен “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын өркүндөтүүгө багытталган түзөтүүлөр киргизилүүдө, анда аталган мыйзамдын 1-беренесинин экинчи бөлүгүнүн 3-пунктунда “мамлекеттик же муниципалдык гана менчикте турган” деген сөздөрдү алып салуу каралган.

Көрсөтүлгөн мораторий сугат айдоо жерлерин менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүү объекттерин жана саламаттык сактоо объекттерин, дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстерин, ветеринардык, фитосанитардык жана агробиохимиялык лабораторияларды курууга бөлүнгөн жерлерге которууга (трансформациялоого) жайылтылбайт.

Мындан тышкары мыйзамдын 1-беренесинин экинчи бөлүгүнүн 8-пункту ага ылайык редакцияда баяндалып, мораторийдин таасиринен суу чарба курулуштарын курууга бөлүнгөн жерлер чыгарылат.

375