Тармактык мамлекеттик органдарга мектептердеги, ЖОЖдордогу жана бала-бакчалардагы санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Штаб кеңешмесинин жүрүшүндө аймактардагы эпидемиологиялык абал, COVID-19 жаңы штаммынын аймакка кирүүсүнүн алдын алуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар, жаңы жыл учурунда жана шайлоо процессиндеги карантиндик чаралардын талаптарын жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышын камсыздоо чаралары каралды.
Республикалык штабдын мүчөлөрү ошондой эле мектептердин, жогорку окуу жайларынын жана балдар бакчаларынын кадимки режимдеги ишин баскычтуу жандандыруу маселесин талкуулады.
«Биз окуу процессин уюштурууну жана балдарды өнүктүрүүнү жакшыртуу максатындагы жарандардын көп сандаган кайрылууларына байланыштуу чечкиндүү кадамга бардык – аймактарда жана шаарларда мектептердин, жогорку окуу жайлардын жана балдар бакчасынын ишин баскычтуу жандандыруу башталууда. Менин пикиримде, мектеп окуучулары жана ЖОЖ студенттери чоң жоопкерчиликти түшүнүп, беткап кийүү, колду тез-тезден жууп туруу жана социалдык обочолонуу сыяктуу бекитилген санитардык эрежелерди аткарышы керек. Мекемелердин администрациясы жана тармактык мамлекеттик органдар аталган талаптардын аткарылышын камсыздоосу тийиш. Мындан тышкары, балдардын имммунитетин чыңдоо, анын ичинде дене тарбия менен машыгуу, спорт жана тамактануу маселесине өзгөчө көңүл буруу керек», — деди вице-премьер-министр жана жооптуу түзүмдөргө тийиштүү тапшырмаларды берди.
Эльвира Сурабалдиева ошондой эле медициналык мекемелердеги дарылануу шарттарын жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
«Айрым медициналык мекемелердин короосунда жарыктандыруу жок, жолдор тайгак, имараттарында суук, ысык суусу каралган эмес, жабдуулар эскирген. Ушундай шарттарда бейтаптар жана балдар дарыланууга туура келүүдө. Мониторинг жүргүзүп, бардык ооруканалардын жана поликлиникалардын тийиштүү шарттары каралгандыгын текшерүүгө алыңыздар. Ар бир медициналык мекемеде элементардык гигиеналык процедураларды жүргүзүү шарттары каралышы тийиш, ооруканага алып баруучу жолдор тазаланып турушу кажет. Мындан тышкары, дарылоо мекемелерин электр энергиялык генераторлор менен камсыздап, алардын өрт коопсуздугунун талаптарына кандай деңгээлде жооп берүүсү текшерилиши керек»,- деди вице-премьер-министр.