7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сурабалдиева Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту

233

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту.  Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу алкагында тараптар саламаттык сактоо, билим берүү, маданият жана спорт жаатындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелеринин жыйындысын талкуулады.

Тактап айтканда, Эльвира Сурабалдиева жана Николай Удовиченко калкты COVID-19дан вакцинациялоо, кыргыз студенттеринин Россия Федерациясынын жогорку окуу жайларында билим алуусу жана жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн усулдук курстарды уюштуруу мүмкүнчүлүгү маселеси боюнча пикир алмашты.

Вице-премьер-министрдин м.а. россиялык тарапка коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүүдө көрсөтүлгөн гуманитардык көмөгү жана финансылык колдоо көрсөтүүсү үчүн ыраазычылык билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

234