Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Самара Каримованын айланасында болуп жаткан түшүнбөстүктөр тууралуу өз пикирин билдирди.
Анын айтымында, баардыгы мыйзам алдында болушу керек.
«Баарыбыз кырдаалга мыйзамдуулук көз караш менен карашыбыз керек. Бирок, моралдык укук деген дагы бар. Менин түшүнүгүм боюнча Самара Каримованын жолдошунун адеп-ахлакка туура келбеген ишкерлигине каршы иликтөө болгон. Самара Каримова өзүн-өзү аныктап, музыкалык мектептин директору болууга моралдык укукту сезе билүүсү керек деп ойлойм. Андан сырткары, бардык коллектив каршы болуп жатат. Самара Каримова жаш кыз, келечеги алдыда. Этикалык жана моралдык көз караш менен карап, баарын таразалап, жакшы ойлонуп чечим чыгарат деген ойдомун. Эгерде адам өзүн далилдегиси келсе, көп учурда баарына жана бардык нерсеге катуу болушу керек окшойт … бирок команда дагы бар. Акыркы парламенттик шайлоону эсиңиздерден чыгарбаңызыздар, расмий түрдө мыйзамга ылайык, кемчилик издей турган эч ким жок болчу, бирок этикалык жана моралдык маселе болгон», — деп баса белгиледи Эльвира Сурабалдиева.
Анын айтымында, эл лидерди өзү тандоого укуктуу, анткени көпчүлүк учурда команда ким менен иштөө ыңгайлуу болоорун карашы керек.
Вице-премьер-министр «мындай аша чаап кетүүлөр биздин өлкөдө болуп турат» деп коллективинен кечирим сурады. Бирок мыйзам деген мыйзам. Сурабалдиева Маданият министрине бул маселе менен алектенүүнү, мыйзамдуулукту, сот процесси кандай өткөнүн жана ушул жагдайлардын бардыгын тактоону тапшырды.