7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Суу каналын курам деп 17 млн. сомду кымырып алган жетекчилер кармалды

403

“Ак-Башат” айыл аймагынын мурдагы жетекчиси жана подряддык компаниянын директору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Тактап айтканда, Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл аймагынын мурдагы башчысы К.У.Т., подряддык компаниянын директору А.у.Т. менен биргеликте ирригациялык каналдарды орнотуу боюнча тендерди өткөрүүдө республикалык бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.

Эсеп палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында келтирилген зыяндын көлөмү 17 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн.

Бул адамдар Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесине жайгаштырылды.

Учурда башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

 

404