Баткенде 40 жаштагы 1981-жылы туулган Б.Ж. кечээтен бери дайынсыз. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 26-июль күнү Кадамжай шаарынын тургуну 1981-жылы туулган Б.Ж. аттуу жаран дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Маалыматтарга караганда белгисиз болгон жаран каналга түшүп кеткендиги божомолдонууда. Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн кайрылуусу боюнча ӨКМден жалпы 8 куткаруучу тартылып, Алга айыл аймагындагы Нургазиев каналынына издөө иштерин улантышууда. Кошумча маалымат берилет.