Кыргызстандын мектеп окуучулары информатика жана биология боюнча эл аралык олимпиадада коло медалдарды жеңип алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, министр Болотбек Купешев кечээ, 26-июлда жеңүүчүлөргө медалдарды жана сыйлыктарды тапшырган.
«19-июндан 25-июнга чейин Сингапурда дүйнө жүзү боюнча окуучулар арасындагы 33-Эл аралык информатика предметинин олимпиадасы болду. Сынак онлайн форматта өттү. Ага 88 мамлекеттен 355 окуучу катышты. Кыргызстан командасын эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин төрт окуучусу коргогон. М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу Данияр Бейшекеев, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучулары Ислам Давлетов жана Артур Айдаров, Жалал-Абад шаарынын Курманбек баатыр атындагы лицейинин 9-классынын окуучусу Тенгиз Беккоенов коло медалга ээ болушту”, — деп берилет маалыматта.
19-22-июль аралыгында Лиссабон (Португалия) тарабынан уюштурулган биология боюнча эл аралык олимпиадага дагы кыргызстандыктар катышты. Анда, Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин окуучусу Бактынур Ажыбаев коло медалга ээ болду.