7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров жергиликтүү сотторго 6 жаңы судья дайындады (ТИЗМЕ)

992

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан Садыр Жапаровдун дарегине Конституцияда каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Ысык-Көл, Чүй, Талас, Баткен облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына 6 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Президент Садыр Жапаров судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык 6 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Мамлекет башчысынын аталган 6 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары чыгып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди:

— Ысык-Көл облусу

Ак-Суу райондук сотуна:

Маматкулов Русланбек Темиркулович;

Балыкчы шаардык сотуна:

Мамбетова Чинара Сталбековна;

— Чүй облусу

Аламүдүн райондук сотуна:

Чоткараев Тилек Устабаевич;

— Талас облусу

Талас облустук сотуна:

Султаналиева Айнура Кенжебековна;

— Баткен облусу

Баткен облустук сотуна:

Пазылов Мамасаит Мамытович;

— Бишкек шаары

Биринчи май райондук сотуна:

Жумагулова Жылдыз Таалайбековна.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

993