7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Суукта карды жиреп мектепке барган мугалимдер сыйланды

626

Буга чейин социалдык тармактарда кар кечип, мектепте сабакты үзгүлтүккө учуратпай барган Кара-Кулжа районундагы. А.Турганбаев атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Каныкей Ыдырысова жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жыргалаң айылындагы Т.Асанбаев атындагы орто мектебинин мугалимдери Дамира Султанбаева, Бактыгул Дадакеевалардын видео тасмалары калкка кеңири тараган.

Мектепте билим гана бербестен тарбиялык иштерде үлгү көрсөтүп, социалдык жактан аз камсыз болгон эки окуучуга жардам көрсөтүп, бирин дарылоого көмөк көрсөтүп, үй шартын дагы оңдоп, актап сырдап чыгышкан. Бул кайрымдуулук иштерге ыктыярчы кылып окуучуларды дагы тартып, башкаларга үлгү көрсөткөн Токмок шаарындагы №5 орто мектептин үч мугалими Аида Абирова, Фатима Бейшекеева, Мээрим Кеңешбек кызы министрдин кабыл алуусунда болушту.

Аларга ыраазычылык кат тапшырылды. Жолугушууга билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы Абдыкадыр Султанбаев да катышып, активдүүлүгүн көрсөткөн мугалимдерге жайында Ысык-Көлдө он күн эс алууга жолдомо берсе, Билим берүү жана илим министрлиги дагы беш күндүк эс алууга жолдомо беришти.

627