Чүйдө суунун жээгинен 47 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-май күнү Жайыл районунун Бишкек — Ош унаа жолунда, Суусамыр суусуна 1975-жылы туулган К.И. аттуу эркек киши секирип өз өмүрүнө кол салгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
«Бүгүн жерине саат 06:00дө ӨКМнен жалпы 9 куткаруучу тартылып, саат 15:30 чамасында куткаруучулар тарабынан суунун жээгинен эркек кишинин жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди»,- деп берилет билдирүүдө.