Жер тилкелери боюнча коррупциялык схеманы уюштурганы үчүн Сузак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ал кызматкерлерине жана Сузак райондук “Кадастр” жана архитектура башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери менен бирдиктүү кылмыштуу иш алып барышып, жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү боюнча коррупциялык схеманын уюштуруучусу болгон. “Сузак”, “Каркыра-Мисте” жана “Благовещенка” айылдарынын калкка кезексиз жана акысыз берилчү 100 бирдиктен ашык жер тилкелери анын буйругу менен жарандарга жасалма документтердин негизинде ар бир участок 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин акча каражатына сатылып кеткен.
Сатылган жер тилкелерине жасалма каттоо маалыматтары менен жасалма укук белгилөөчү документтер берилип, андан соң “Кадастр” МИ жергиликтүү органы тарабынан жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актылар, райондук архитектура органдары тарабынан курулушка уруксат берилген.
Экспертизанын жыйынтыгында мыйзамсыз берилген жер тилкелеринин баасы 93 857 700 сом экени аныкталды. Прокуратура органдары менен биргеликте аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына кайтаруу чаралары көрүлүүдө.
Буга чейин Сузак райондук кадастр жана архитектура башкармалыгынын 9 кызматкери жогоруда аталган жоруктарга катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө амалдары уланууда.