Жалал-Абад облусунун Сузак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жана анын орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Сузак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жана анын орун басары жасалма документтерди берип, акча каражатын алып жаткан жеринен кармалышган.
Бул кылмышта схема түзүүгө жана ишке ашырууга Сузак айыл аймагынын мурдагы башчысы Р.Х.М. жана анын орун басары Б.А. түздөн-түз тиешеси бар экендиги аныкталган. Алар жарандарга жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча жасалма токтомдорду чыгарган.
Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 1-бөлүгү (Документтердин жасалмасын жасоо) менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кармалгандар КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram