7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузак райондук төрөт үйү оңдоодон кийин пайдаланууга берилди

702

Бүгүн Сузак аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Буга чейин аймактык оорукананын төрөт бөлүмүнүн эскилиги жетип, толук кандуу иш алып барууда кыйынчылыктар жаралып келген. Имаратта беш ай аралыгында оңдоп-түзөө жумуштары жүргүзүлүп кошумча бөлмөлөр, жаңы медициналык жабдыктар менен камсыздалды.

Облус башчысы төрөт бөлүмүнүн жаңылануусу мамлекет тарабынан дарыгерлерге кам көрүү, элге шарт түзүү, өлкөнүн келечеги болгон эне жана баланын ден соолугун сактоо аракети экенин айтты.

Ооруканада жыл сайын 5 миңден ашуун төрөт катталат. Имаратты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө республикалык бюджеттен 4 млн, облустук өнүктүрүү фондунан 5 млн, райондун өнүктүрүү фонду тарабынан 3,5 млн сом акча каражаты жумшалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

703