7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузак районунда бала бакчалардын иши белгисиз мөөнөткө токтотулду

673

Сузак району коронавируска байланыштуу  бала бакчалардын ишин белгисиз мөөнөткө токтотту. Буга чейин бала бакча кызматкеринен илдет аныкталган. Бул тууралуу район акими Баратбек Сыдыкназаров билдирген

Мындан сырткары Сыдыкназаров кафе-ресторандар жана мечиттерде санитардык талаптарды сактоо боюнча тапшырмалар берилгенин, ал боюнча рейддер байма-бай өткөрүлүп турарын кошумчалады.

Сузак районунун аймагында 53 мамлекеттик бала бакча бар. Ушул тапта райондун Көк-Жаңгак шаарындагы бейтапканада коронавируска чалдыккан 30 бейтап дарыланууда.

Буга чейин Сузак аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө илдетке чалдыккан келин көз жарып, имарат карантинге алынганы маалымдалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

674