7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта 44 жаш өспүрүм түнкүсүн көчөдө жүргөн жеринен кармалды

253

Сузак райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыштуулуктуна алдын алууга багытталган «Өспүрүм түн» аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы жүргүзүлдү. Анда 44 жаш өспүрүм ата-энесинин коштоосусуз көчөдө жүрүшкөн. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул иштер жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана мектеп жамааты менен биргеликте өткөрүлгөн.

Рейддин алкагында жалпы 44 жаш өспүрүм түнкү убакытта чоң адамдын коштоосу жок көчөдө жүргөндүгү аныкталган. Анын ичинен 24 жаш ѳспγрγм мектеп окуучусу, ал эми калгандары 9-классты бүтүрүп, учурда ар кандай кесиптик билимдерин улантып жатышкан өспүрүмдөр болгон.


Аныкталган өспүрүмдөрдүн ата-энелери чакыртылып, аларга жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, көзөмөлгө алуу зарылдыгы эскертилип кое берилди. Мындан ары түнкүсүн көчөдө жүрбөөсүнүн алдын алуу максатында мектептерге жана райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы комиссияга сунуштар берилди.
Ошондой эле РИИБдин кызматкерлери спорт залдарында машыгып жатышкан өспүрүмдөр менен жолугушуп, аларды патриоттуулукка чакырышты.


Мындан сырткары тартип сакчылары мечиттерде да эл менен жолугушууларды өткөрүштү. Анда туура эмес диний агымдарга кошулуудан алыс болуу керектиги белгиленди. Ошондой эле Сузак району ар улуттун өкүлдөрү жашаган аймак экендиги айтылып, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө зарылдыгы жеткирилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

254