7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта эки окуучу аттын алдында калып каза болгон. Милиция үн катты

626

Сузак районунунда аттын алдында калып каза болгон балдардын ата-энеси окуя боюнча эч кимге арыз-доосу жоктугун билдирди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Сузак раойнунун Барпы айылдык ооруканасынан РИИБдин 102 телефонуна кабар берилген. 5-ноябрь күнү саат 16.00 чамада Барпы айыл аймагында 2010 жана 2014-жылы туулган жаш балдар бир атка учкашып минип бараткан учурда кокусунан аты тайын жыгылып эки өспүрүм баланы басып калып алар окуя болгон жерде каза болуп калгандыгын билдирген.

Бул маалымат Сузак РИИБдин МЭЖне “Кокустук” болуп катталып, текшерүү иштери башталган. Окуя болгон жерге Сузак РИИБдин тергөө-ыкчам тобу чыгышып, жансыз денелерге сырттан кароо жүргүзүлүп, тиешлеүү материалдар чогултулган.

Текшерүү учурунда каза болгон балдардын ата-энеси окуя боюнча эч кимге арыз-доосу жоктугун билдирип, арыз жазуудан жана жансыз денелерди соттук-медициналык экспертизадан өткөрдүүдөн баш тартышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

627