7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта кой уурдагандар колго түшүрүлдү

324

Сузакта кой уурдагандар колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-19-январда Сузак районунун тургундары 1977-ж.т. Ж.Д. жана 1964-ж.т. Р.Б. Сузак РИИБне арыздары менен кайрылышып, өз арыздарында 2021-жылдын 11-январынан 19-январына чейинки аралыкта короосундагы “гиссар” койлорун белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткендигин билдиришип, ууруларды таап мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранышкан.


Арызданган 2 атуулдардан – 4 баш гиссар тукумундагы кочкорлор уурдалып, аларга 255 миң сомдон ашык материалдык чыгым келтирилген.

Жогорудагы арыздардын негизинде тергөө-ыкчам тобу тарабынан окуя болгон жерлерге кароо жүргүзүлүп, топтолгон материалдар Сузак РИИБдин КЖБРне катталып, 2 факты боюнча КРнын Жазык кодексинин 200-беренесинин негизинде (Уурулук) сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү кызматтарга аталган уурулуктун бетин ачып, шектүүлөрдү тергөөгө камсыздоо боюнча тергөө тапшырмалары берилген.


Тергөө тапшырмасынын негизинде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, кылмышкка шектүүлөрдүн өздүктөрү аныкталып, натыйжада Сузак районунун тургундары 1992-ж.т. А.А,, 1995-ж.т. Э.К. жана 1992-ж.т. А.Ү. кармалышып, тергөөгө камсыздалган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөрдүн аталган кылмышты жасагандыгы жана алар өздөрүнүн “Дэу Матиз” үлгүсүндөгү унаасына салып, изин жашырып кеткендиктери аныкталып, аларга шектүү жөнүндө кабарлама берилип, РИИБдин УКЖга киргизилген.


Сузак райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан аталган шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралып, 1 (бир) айга камакка алуу түрү тандалып алынган.
Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

325