7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузактагы бала бакчада балдардын сабалышы боюнча окуя териштирилет

258

Соцтармактарда Сузак районунун Октябрь айылындагы №1 «Кенжетай» балдар бакчасынын тарбиячылары балдарды сабап жаткан видео тараган. Балдардын сабалышы боюнча окуя териштирилет.

Бул боюнча Билим берүү министрлиги тиешелүү кызматкерлерге чара көрөрүн билдирди.

«Балдар бала бакчада жүргөн учурда алардын ден соолугу жана өмүрүнүн коопсуздугу үчүн ар бир кызматкер жоопкер. Балдарга зордук-зомбулук көрсөтүүгө жол берилбейт жана катуу тыюу салынат. Ошондуктан жогорку окуя тыкыр иликтенип, жооптуу кызматкердин баарына катуу чаралар көрүлөт», — деп жазылган министрлик тараткан маалыматта.

Ошондой эле бул окуя Сузак РИИБинде катталып, бирок фактыны прокуратура текшерип жаткандыктан топтолгон материалдар Жалал-Абад облустук прокуратурасына жөнөтүлгөнү кабарланды.

259