7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузактагы кырсык. Жандандыруу бөлүмүндө жаткан балдар палатага которулду

667

Сузактагы унаа сүзгөн балдардын абалы жакшырууда. Бул тууралуу Бишкектеги №3 балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов кабарлады.

Бүгүнкү күндө кайра жандандыруу бөлүмүндө дарылануусун улантып жаткан бир бала абалы жакшыргандыктан нейротравматология бөлүмүнө которулду. Ал эми бут сөөгү жабыркаган бир балага жакынкы күндөрү операция жасоо пландалууда.

“Учурда ооруканага жаткырылган балдардын бардыгынын абалы туруктуу, ден соолуктары күндөн-күнгө жакшырууда. Бардыгы палатага которулду ”, — деди ал.

Эскерте кетсек, 2-майда Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында Манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын алкагында флешмобго катышып жаткан окуучуларды Hyundai Porter унаасы белгисиз себептерден токтоп турган жеринен жылып, тебелеп кеткен. 32 бала ар кандай жаракат алып, абалы оор болгон 10 бала Бишкек шаарына алынып келген.

668