7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузактагы сел 410 турак үйдү каптап, 3 баш бодо малды агызып кеткен

674

Жалал –Абад облусунун Сузак районунда жалпы 10 социалдык объект жана 410 турак үйгө сел суулары кирген. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-май күнү саат 21:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдан кокту-колоттон түшкөн сел суулары С.Атабеков айыл өкмөтүндөгү 2 айылда 126 турак үйгө, Барпы айыл өкмөтүндөгү 8 айылда 272 турак үй жана 10 социалдык объектилерде, Сузак айыл өкмөтүндөгү 2 айылда 12 турак үй, жалпы 10 социалдык объект жана 410 турак үйгө сел суулары кирген.

Ошондой эле “ХУНДАЙ ПОРТЕР” үлгүсүндөгү автоунаа жараксыз абалга келип, 3 баш бодо мал агып кеткен.

Ал эми тазалоо жана калыбына келтирүү иштерине ӨКМнин Жалал-Абад, Чүй, Бишкек башкармалыгынан 309 кызматкер, башка кызматтардан 1559, Коргоо министрлигинен 2052 кызматкер жана техникалык каражаттар тартылган.

«Азыркы тапта селден жабыркаган жол каттамдарында калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, жол каттамы жасалды.

Жабыр тарткан жергиликтүү элге медициналык кароолор уюштурулуп, Сузак районундагы Кара-Жыгач айылында ӨКМ тарабынан 22 чатыр бөлүнүп берилди.

Азыркы тапта Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иштери жүргүзүлүүдө»,- деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

675