5-7-май күндөрү Бишкек шаарында Кыргызстан жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоону уюштуруу жана укуктук маселелерин макулдашуу боюнча жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик-техникалык документтердин долбоорлорун талкуулап, макулдашышты.
Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.
Иш-чаранын жыйынтыгында Протоколго кол коюлду.
Белгилей кетсек, кийинки жолугушуу Өзбекстан Республикасынын аймагында өтөт.