7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кожошев: Казакстан менен чек арадагы “көмүскө” схемаларды жоюуга бардык күч-аракетибизди жумшайбыз

547

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу жүк ташуучу унаалардын эркин жүрүүсүн камсыздоо боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Анда 2022-жылдын 19-апрелинде Кыргызстан жана Казакстандын өкүлдөрүнүн жумушчу кеңешмесинин Протоколунун 1-пунктунун аткарылышы, жүк ташуучу транспорт каражаттарынын биздин өлкөнүн аймагынан ташылган товарлар үчүн электрондук эсеп-фактураларысыз чыгып кетишине жол бербөө чаралары каралды.

Жолугушууда Арзыбек Кожошев белгилегендей, буга чейин жетишилген макулдашууларга ылайык, кыргыз тарап ташылган жүк үчүн электрондук эсеп-фактурасы жок транспорт каражаттарын өткөрбөшү керек. Өз кезегинде казак тарап Кыргыз Республикасынан ЕАЭБ өлкөлөрүнө транзит менен келе жаткан жүк ташуучу унааларга карата текшерүү жана контролдоо иш-чараларын жүргүзбөйт.

«Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ыйгарым укуктарын күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Фискалдык органына мобилдик топ менен биргеликте жүк ташуучу унааларды текшерүүнү караган токтом кабыл алды. Анда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында салыктык эсепке алуу үчүн электрондук эсеп-фактуралардын болушун текшерүү каралган», — деди Арзыбек Кожошев.

Анын айтымында, бул чечим 2022-жылдын 9-майынан тартып күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына бул иш-чараларды толук ишке ашыруу үчүн укуктук маселени чечүүгө мүмкүндүк берет.

Жыйындын соңунда Арзыбек Кожошев мамлекеттик органдарга жогорудагы милдеттерди аткаруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле, Ички иштер министрлигине өткөрүү пункттарындагы салык кызматкерлерине көмөк көрсөтүү тапшырылды. Аны менен бирге мамлекеттик органдарга жүк ташуучулар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.

«Бардык жүк ташуучулар абийирсиз экспорттоочулардын айынан жапа чегип жатышат. Эрежелер баарына бирдей, буга жол берилбеши керек. Чек арада товарларды кармап турууга байланышкан бардык жагдайлар боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Экспорттоочуларга электрондук эсеп-фактурасы жок жүрүүгө уруксат берген тиешелүү бөлүмдөрдүн кызматкерлерине да чара көрүлөт. Чек арадагы “көмүскө” схемаларды жоюуга бардык күч-аракетибизди жумшайбыз”, — деп сөзүн жыйынтыктады Арзыбек Кожошев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

548