Кыргызстандык 138 окуучу Британиянын биология боюнча «Biology Challenge 2022» олимпиадасына катышты. Билим берүү жана илим министрлиги кабарлагандай, аталган олимпиада 13-15 жаштагы окуучулардын арасында жаратылыш дүйнөсүнө болгон кызыгууну арттыруу жана мектеп программасынан тышкары биологияны изилдөөгө түрткү берүү максатында өткөрүлөт.
Дүйнө боюнча 27 миңден ашуун окуучу катышкан сынакта кыргызстандык 19 окуучу алтын, күмүш жана коло сертификаттарга ээ болду.