Токмок шаарында чагылган түшүп, үч өспүрүм жабыркады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Окуя 2-июнда жергиликтүү мектептин жанында болгон. 13 жаштагы кыз ошол жерден каза болуп, дагы эки мектеп окуучусу — 17 жаштагы бала жана 13 жаштагы кыз Токмак аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.
Дарыгерлер алардын абалын туруктуу деп баалап жатышат.