Сокулук ГЭС-1 калыбына келтирилет. Анын иши мындан дээрлик 30 жыл мурун токтоп калган. Гидроэлектростанцияны кыргыз-орус өнүктүрүү фонду каржылайт. Фонддун маалыматына ылайык, эки жылга жетпеген убакытта жаңы имарат курулуп, ГЭС кайрадан электр энергиясын бере баштайт. Заманбап технологиялар менен реконструкциялоонун алкагында анын кубаттуулугу 3 мегаватка чейин жогорулайт.
Жыл сайын электр энергиясын иштеп чыгуу 15 миллион киловатт саат болот. Бул Сокулук районунун электр энергиясын керектөөсүнүн 5 пайызын камсыз кылат. Мындан тышкары, кошумча жумуш орундары түзүлөт.