Социалдык тармактарда белгилүү кыргыз балбаны Сыймык Махмудов сүйлөшкөн кызынын колун сурады. Ал бул сунушун кинотеатрлардын биринде жасаган.
Спортчу сүйүктүүсү менен 9 жылдан бери сүйлөшүп келген. Алардын тою 23-декабрда өтөт.
Белгилей кетсек, учурда Сыймык Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 63 килограмм салмактагы өлкө чемпиону.