7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эмгекчилердин ден-соолугун чыңдоо боюнча Жарлыкка кол коюлду

379

Президент Садыр Жапаров «Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды натыйжалуу башкаруу боюнча чараларды көрүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Эмгекчилердин жана алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун санаториялык-курорттук чыңдоону уюштурууну өркүндөтүү, эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды каржылоону башкаруунун натыйжалуу механизмин түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
– 2027-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөткө «Кыргызстандын профессионалдык союздарынын Федерациясы» профсоюздук уюмдар бирикмесинин Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун (мындан ары – Фонд) каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын бардык аймагындагы санаториялык-курорттук мекемелерге жолдомолорду берүүгө мораторий киргизилет;
– Фондго түшкөн каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санаториялык-курорттук мекемелердин объекттеринин капиталдык курулушуна жана оңдоого, ошондой эле алардын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалат.

2. «Кыргызстандын профессионалдык союздарынын Федерациясы» профсоюздук уюмдар бирикмесине 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө белгиленген тартипте алардын менчигинде турган санаториялык-курорттук мекемелердин бардык объекттерин Кыргыз Республикасынын президентинин иш башкармасына убактылуу акысыз пайдаланууга өткөрүп берүү сунушталсын.

3. Кыргыз Республикасынын президентинин иш башкармасы:
– «Кыргызстандын профессионалдык союздарынын Федерациясы» профсоюздук уюмдар бирикмеси менен биргеликте бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын убактылуу пайдалануусуна өтүүчү санаториялык-курорттук мекемелердин объекттеринин тизмесин аныктасын;
– 2023-жылдын 31-декабрына чейин белгиленген тартипте жогоруда көрсөтүлгөн объекттерди убактылуу пайдаланууга кабыл алсын жана иштеп жаткан санаториялык-курорттук жана туристтик объекттерди заманбап талаптагыдай түргө келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) белгиленген тартипте 2028-жылдын 1-январынан тартып Фонддун каражаттарын бөлүштүрүү боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органын аныктасын;
2) Фонддун каражаттарынын эсебинен жолдомолорду натыйжалуу жана адилеттүү бөлүштүрүү боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыксын;
3) үч айлык мөөнөттө эмгекчилердин жана алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун чыңдоо механизмдерин өркүндөтүүнү, анын ичинде санаториялык-курорттук мекемелердин объекттеринин инфраструктурасын жакшыртууну караган тиешелүү мыйзам долбоорлорун жана башка ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын.

 

380