7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сыймык Жапыкеев Президентке өтүнүч менен кайрылуу жолдоду

3493
Былтыркы шайлоодон кийинки көтөрүлүштүн көрүнүктүү лидерлеринин бири Сыймык Жапыкеев Президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, коррупцияга шектелип абакта жаткан Мелис Аспековду бошотууну суранды.
Эске салсак, 5-октябрдагы төңкөрүштөн кийин жаңы бийлик орногуча мамлекеттик мекеме-ишканаларды басып алуулар башталган. Төнкөрүшчүлөрдүн сап башында болгон Сыймык Жапыкеев тарапташтары менен барып Каржы полициясына жетекчи болгон.  Кийинчерээк ал кызмат жоюлуп, Жапыкеевге генерал-майор наамы ыйгарылды.
Анын кайрылуусу өзгөртүүсүз берилди.
Урматтуу Садыр Нуркожоевич, урматтуу Президент. Сизге тун ортосунда 02:30 чамасында уктабастан кайрылуу кылууну туура кордум.
Мен Мелис Аспеков менен мамилем деле жок, мен ушул жигит менен сиздин апаныз кайтыш болгондо Туптон похорондон таанышкам. Сиз жонундо сизди мактап бутпойт эле, сиздин ээн биринчилерден тарапташыныз, ининиз, партиялаш, жакшы саналаш катары билчумун. Мени Бир нече жолу Мекенчил партиясына чакырган. Болду андан башка митингдерден эле корчумун. Акча, бийлик тууралу эч суйлошконда эмеспиз. Мени сыйлайм деп калчу. Башка ортобузда Бир доллар ойногон эмес.
Былтыр революция куну ээн чырылдаган ушул жигит эле, сизди турмодон чыгарыш учун абдан чоон мээнет кылганын билем. Жанынызда бир айга жакын журду, анан эле камалды 250 мин Дашковтон алды деп камалганын уктум, интернеттен кордук. Чынында кандай боогонун билбейбиз.
Бирок, 250 алган куну деле Бир тагдырдын астында эмне? Ден соолугу нервтин айынан ото начарлап кетти деген маалыматты ютубтан кордум.
Менин жеке оюм, Урматтуу Садыр ава, Садыр Нуркожоевич отунот элек, ушул жигитке жаман болду турмодо, турмодо жылан жатпасын Мелиске ырайым корсотунуз, камактан чыгарып берсениз туура болмокко деген ойдобуз. Менимче Мелис Аспеков жаман жигит эмес. Кандай болгон кунуда бул Сиз учун мени менен да телефондон катуу урушканбыз.
Турмодо жатып чарчап калса балдары уйбулоосуно убал. Ырайымдуулук, кечиримдуулук, айколдук корсотунуз Урматтуу Садыр Нуркожоевич. Уйкамагына чыкса дурус болот эле.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3494