7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сырты сулуулук салон, ичи кумар оюн. Жер астындагы кумар клубу ачыкка чыкты

257

Кара-Балта шаарында сулуулук салонун жамынып алып, кумар оюндарын уюштуруп жүргөндөр аныкталды. Бул тууралуу Каржы полициясынын басма сөз кызматы маалымдады.


Маалымат боюнча, Кара-Балтадагы Карл-Маркс — Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Лаванда» сулуулук салонун жамынып алып, онлайн кумар оюндарын уюштурган жер астындагы кумар клубу табылды.

Тинтүү учурунда атайын программалык камсыздоо, акча жана башка нерселер менен компьютердик жабдуулар орнотулгандыгы аныкталды. Текшерүү учурунда кардарлар (оюнчулар) болгон.


Бул факт сотко чейинки өндүрүшкө алынып, учурда тергөө жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

258