7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төө ашууда кар жаап жатат

463
Бүгүн, 14-октябрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, жол ачык. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат.
Азыркы тапта Бишкек-Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусунда жана Төө-Ашууда кар жаап жатат. Тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө. Жол ачык, каттам бар. Ушундай эле жагдай Өтмөк ашуусунда орун алууда. Унаа кыймылына чектөө жок.
Жайкы дөңгөлөк менен чыккан унаалар жолчулардын ишине тоскоол болуп, жасалма тыгын жана авариялык абал жаратууда.
Мындан улам, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

464